www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, ишкерлердин укуктарын коргоо жана айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу боюнча мыйзамдардын сакталышын текшерди.
Текшерүүдө күн электр станциясын курууга берилген 800 гектар айыл чарба жерин башка категорияга которууда айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданы эсептөөдө коэффициент негизсиз колдонулганы аныкталган.
Мунун натыйжасында «Ч» ЖЧКсына 47 млн 300 миң сомдон ашык сумма эсептелген.
Прокуратуранын чара көрүү актысынын негизинде мыйзам бузуулар жоюлуп, эсептөөлөр кайра каралган. Натыйжада ишкерге 23 млн 900 миң сомдон ашык өлчөмдө негизсиз финансылык жүктүн көбөйүшүнө жол берилген эмес.
Мыйзам бузууга жол берген жергиликтүү каттоо органынын кызмат адамдары тартиптик жоопкерчиликке тартылды.
Башкы прокуратура ишкерлердин укуктарын коргоо жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизсиз тоскоолдуктарды жоюу боюнча ишин улантарын билдирди.