www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызматына талапкер Алмаз Имангазиевге кадр маселесине өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Алмаз Имангазиевдин министрлик кызматка талапкерлигин колдошкон.

Талиеванын айтымында, эмгек, социалдык тармак жана миграция өз алдынча чоң багыттар болуп саналат. Ошол эле учурда бул чөйрөлөрдө мыйзамдардын ортосунда карама-каршылыктар бар.

Ал айрым учурларда Эмгек кодексиндеги нормалар токтомдордогу талаптарга дал келбей турганын белгилеп, 2012-жылдагы эски токтомдорду кайра карап чыгып, тиешелүү ченемдик актыларды инвентаризациялоону сунуштады.

Депутат өлкөдө өндүрүш активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, эмгек мамилелерине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты.

«Азыр эмгек тармагын жакшы билген адистер дээрлик калган жок. Мурда министрликте жана өкмөттө бул багытта күчтүү адистер иштечү, бирок алардын баары кетип калды.

Эми жаңы кадрларды даярдоого туура келет деп ойлойм», — деди Талиева.

Последние новости