www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талант Иманакун уулу параламентке барып, чалпоо кыялын көрсөтүп, депутаттарга оңураңдаганы коомдо кызуу талкууланып жатат.

Болгондо дагы президенттин кудасы, депутат Акылбек Түмөнбаев Каракол шаарындагы облустук оорукананын курулушу кечеңдеп жатканына жооп алайын десе, депутатты сүйлөтпөй демиткени эл өкүлдөрүнүн куйкасын куруштурду.

Буга чейин эл өкүлү Эрулан Көкүлов жогорудагы аталган министрликтин жетекчиси Нурдан Орунтаев парламентте айтылган көйгөлөрдү олуттуу кабыл албай, “мылжыйып күлүп, шылдың кылып отурганын” сынга алган.

Мындан улам, Өкмөт мүчөлөрү депутаттарды тоготпой мамиле кылганы адатка айланганы боюнча нааразы пикирлер айтылып, мындай маселеге олуттуу мамиле кылбаса кесепети жакшы болбой турганы парламентте козголду.

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбек “сыйга сый, сыр аякка бал” деген парламентке сый мамиле кылуу талабын айтты.

— Депутат элдин өкүлү болуп саналат. Эл беш жылдык мандат берип, көйгөйүн көтөрүп, маселесин чечсин деп жиберет. Биз аткаруу бийлигин бардык зарыл мыйзамдар менен колдоп келебиз. Ошондуктан парламентке карата да тиешелүү урмат көрсөтүлүшү керек, — деди ал.

 

Последние новости