www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24 – февралдан тартып Бишкектеги Дэн-Сяопин проспектисинин түштүк тарабы Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейинки 4,458 км аралыгы оңдоо иштерине убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Аталган тилкеде оңдоо иштери суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу эрте башталат. Андан сырткары, жол катмарын алуу, кеңейтүү, бордюрларды жаңылоо, асфальт катмарын жаңылоо иштери жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, 2025-жылы аталган проспекттин түндүк тарабы оңдоп-түзөө иштеринен өткөн.

Графикке ылайык, оңдоо иштери үч этапка бөлүнөт, ал эми участокторду бир айдын ичинде этап-этабы менен ачуу пландаштырылууда.

Последние новости