www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көк-Арт өрөөнүндө айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча рейд өткөрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте өрөөндөгү эс алуу жайларын текшеришти.

Рейддин негизги максаты — саркынды суулардын айлана-чөйрөгө агызылышына, ошондой эле тиричилик калдыктарынын мыйзамсыз ташталышына жана белгиленбеген жерлерге төгүлүшүнө жол бербөө.

Иш-чаранын жыйынтыгында 8 эс алуу жайына эскертүү каттары берилип, жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо боюнча тиешелүү талаптар коюлду.

Мындан тышкары, «Бай Кут» эс алуу жайынын аймагында тиричилик калдыктарын белгиленбеген жерге таштоо фактысы аныкталды.

Мыйзам бузган жаранга административдик протокол түзүлүп, 5 500 сом айып пул салынды.

Ал эми «Нур Ордо» эс алуу жайында саркынды суулардын жердин үстүнө агып чыгышы аныкталып, жооптуу адамга 10 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнүн булганышын алдын алуу жана жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарын камсыз кылуу максатында рейддик иш-чараларды улантарын билдирди.

Последние новости