www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК «KG групп» курулуш компаниясынын ээси Имамидин Ташовду кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, Ташов 22-апрелде кыргыз-казак чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп (Алматыдан) Кара-Балтага баратканда Чүйдүн Кайыңды айылында кармалган. Ал Кара-Балтада күчтөрдү топтоо үчүн убактылуу штаб уюштуруп, андан кийин бийликти басып алуу максатында каршылык акцияларын өткөрүүнү пландаган.

Эскерте кетсек, быйыл январда «KG групп» компаниясынын ээси Имамидин Ташов андан УКМКнын кызматкерлери «чөнтөгүнө» 100 млн сом сураганын билдирген. Анын айткандарын Камчыбек Ташиев калп деп атап, «Ташов менен Тилекмат Куренов өлкөдө төңкөрүш даярдап жатат» деп айыптаган. Ал экөө тең издөөгө алынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости