www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 22-апрелде, Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин жаңы шайланган курамынын алгачкы жыйыны болуп өттү. Жыйында күн тартибине киргизилген негизги маселелер каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынды.
Аткаруучу комитет тарабынан кабыл алынган маанилүү чечимдердин бири - 12-майга КФБнын Кезексиз Конгрессин өткөрүү датасын бекитүү болду. Аталган Конгрессте Кыргыз футбол биримдигинин жаңы президенти шайланат. КФБ катчылыгы шайлоону өткөрүү үчүн уюмдун Уставына ылайык бардык процедураларды ишке ашырат.
Мындан тышкары, жыйында Республикалык спорттук колледждин алдындагы футбол академиясынын директору кызматы боюнча кадрдык маселе каралды. Анын жыйынтыгында бул кызматка жаңы адис - Мыктыбеков Азат Эсенбекович дайындалды.