www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулук күбөлүгү жок, оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүп жүргөн айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош-Талас жолунда айдоочу оң рулдуу автоунаа менен такси кызматын көрсөтүп, коммерциялык багытта жүргүнчүлөрдү ташып Бишкек шаарына бара жаткан учурда токтотулду.

Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда ар кандай жүйөөлөрдү айтып, документтерин бир тууган агасы алып койгонун жана такси кызматын аткарбай, айылдаштарын салып келе жатканын билдирсе, кайра экинчи тараптан автоунаанын айдоочусу мас абалда болгонун айтып актанып жатты.

Текшерүү учурунда айдоочунун айдоочулук күбөлүгү жок экени аныкталып, жүргүнчүлөр башка автоунаага салынып, автоунаа айып короо жайына коюлду. Айдоочуга күбөлүгү жок болгону үчүн Укук бузуулар кодексинин 184-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 15,000 сом айып пул салынды.

Последние новости