www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулу жана «Beeline Кыргызстан» компаниясынын корпоративдик сатуу департаментинин жетекчиси Амир Курманов кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу аталган федерациядан билдирди.

Бул кызматташтыктын алкагында кесиптик бирликтердин мүчөлөрү үчүн жаңы атайын «Профсоюзный» тарифи ишке кирет. Аталган тариф пайдалуу баада сунушталып, мүчөлөргө сапаттуу мобилдик байланыш жана интернет кызматтарын ыңгайлуу шартта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Тарифте интернеттин, чалуулардын жана билдирүүлөрдүн пайдалуу топтомдору каралып, кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн муктаждыктарына ылайык атайын сунуштар даярдалган.

ККБФ төрагасы Мурадил Джумадилде уулу бул меморандум эмгекчилерди социалдык жактан колдоодо маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо менен гана чектелбестен, алардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган кошумча мүмкүнчүлүктөрдү да түзүшү керек. “Beeline Кыргызстан” менен түзүлгөн өнөктөштүк өлкөбүздөгү кесиптик бирликтердин мүчөлөрүнө реалдуу пайда алып келет деп ишенем».

Тараптар бул кызматташтык келечекте дагы бир катар социалдык долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.

Последние новости