www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 21-май күнү Кемин районунун Ак-Бекет айылында эки айдоочунун ортосунда жол кырсыгына байланыштуу жаңжал чыгып, окуя боюнча шектүү жаран кармалды.
Чүй ОИИББнын маалыматына ылайык, Кемин РИИБине «102» кызматы аркылуу аталган айылда айдоочулар ортосунда чыр чыгып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Бул факты боюнча 2001-жылы туулган У.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ошол эле күнү болжол менен саат 15:00 чамасында чыгыштан батышты көздөй бара жатып, күмүш түстөгү «Mercedes-Benz S-500» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу, 1996-жылы туулган Н.Э. «KIA K5» үлгүсүндөгү автоунаа менен ашып өтүү учурунда аны бычак менен коркутуп, жолун тосуп токтоткон.
Аталган факт каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында 1996-жылы туулган Н.Э. аныкталып, кармалып, Кемин РИИБине жеткирилген.
Учурда окуя боюнча тиешелүү текшерүү иштери улантылып, анын жыйынтыгында Н.Энин аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде юридикалык баа берилери маалымдалды.