www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен белгисиз эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маркумдун сөөгү табылганы тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө 7-август күнү түшкөн. Окуя болгон жерге райондук бөлүмдүн жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барган. Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Окуя болгон жерди кароо учурунда күндүн нуру тийген дене бөлүктөрүнүн түсү өзгөргөнү аныкталган. Маркумдун башы болжол менен 600 метр аралыкта жаткан.
Тергөөчүлөр күбөлөрдөн сурак алып, өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындашты.
Учурда милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн жана анын өлүмүнүн жагдайларын аныктап жатышат. Ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.
Сүрөт иллюстративдүү