www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-сентябрдан тарта Москва шаарында жана Москва облусунда жүргөн, миграциялык каттоого туруу үчүн «Амина» мобилдик тиркемесин колдонууга милдеттүү болгон Кыргызстандын жарандарынын тизмеси кеңейтилет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул талаптар 18 жашка чыга элек өспүрүмдөрдөн бөлөк бардык жарандарга тиешелүү. Төмөнкү жарандар үчүн тиркемени колдонуу милдеттүү болот: борбор калаадагы жогорку окуу жайларында билим алган 18 жаштан жогорку студенттер, эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрү жана өлкөдө жеке, туристтик же конок катары 90 күндөн ашык мөөнөткө жүргөн жарандар.

ТИМ Кыргызстандын жарандарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө тиркемени алдын ала орнотуп, зарыл болгон процедуралардан өтүүнү жана Орусиянын мыйзамдарына ылайык миграциялык каттоону жол-жоболоштурууну сунуштайт.

Последние новости