www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылы Кыргызстанда жол киреге, электр энергиясына, сууга, жылуулукка тарифтер, тамеки жана алкогол суусундуктарына акциздик салыктар көтөрүлүшү мүмкүн. Мындай божомол КР Улуттук банкынын 2022-жылдын үчүнчү кварталына карата акча-кредит саясаты боюнча отчетунда берилген.

Күтүлгөндөй, 2022-жылдын аягына Кыргызстанда инфляция 15,5%, ал эми орточо жылдык 14% түзөт. 2023-жылга божомол дагы инфляциянын өсүшүнө карай кайра каралып чыкты. Жылдык инфляция 9,6%дын тегерегинде болору күтүлүүдө.

«Учурдагы болжолдо 2023-жылы алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына акциздик салыктын көбөйүшү, Кыргызстандын ири шаарларында коомдук транспорттордо жол кире кымбатташы мүмкүн, ошондой эле электр энергиясына, ысык сууга жана жылуулукка мурда жылдырылып келген тарифтердин көтөрүлүшү камтылган», - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылга карата акча агрегаттарынын салыштырмалуу жогорку өсүшү кошумча инфляциялык фон түзөөрүн кошумчалады. Кыргызстанга чет элдиктердин агылып келишинен келип чыккан проинфляциялык тобокелдиктер дагы сакталат.

«Эгерде калктын керектөөсү болжолдонгон мезгилде салыштырмалуу жогорку деңгээлде кала берсе, бул товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын кошумча өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизет», — деп айтылат жөнгө салуучунун отчетунда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости