www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу «Келечек» реабилитациялык борборунда 2023–2026-жылдар аралыгында майыптуулугу бар 2044 бала реабилитациялык кызматтарды алышты. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында 175 бала реабилитация курсунан өттү, алардын ичинен кыздар -71, эркек балдар-104.

Борбордун кызматтарын алган балдардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жашайт — 48 бала. Андан кийинки орундарда Чүй облусу — 25 бала, Жалал-Абад облусу — 15, Нарын облусу — 29, Ысык-Көл облусу — 28, Ош облусу — 7, Талас облусу — 14 жана Баткен облусу — 9 бала.

«Келечек» реабилитациялык борбору 4 жаштан 18 жашка чейинки майыптуулугу бар балдарга акысыз комплекстүү кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн. Борбордо Даун синдрому, жеңил деңгээлдеги акыл-эс өнүгүүсүнүн артта калышы, аутизмдин жеңил формалары, ошондой эле таяныч-кыймыл аппаратынын бузулуулары бар балдарга жардам көрсөтүлөт.

Борбор стационардык жана күндүзгү форматта иш алып барып, реабилитацияга комплекстүү мамилени камсыз кылат.

Борбордун түзүмүнө төмөнкү бөлүмдөр кирет:

• консультациялык-диагностикалык бөлүм;

• медициналык-социалдык реабилитация бөлүмү (физиотерапиялык дарылоо, парафин-озокерит терапиясы, дарылоо массажы, стоматологиялык жардам жана дене тарбия көнүгүүлөрү);

• психологиялык-педагогикалык реабилитация бөлүмү (логопеддик жана дефектологиялык коррекция, психотерапия, майда моториканы өнүктүрүү, эрготерапия, агротерапия, арт жана музыка терапиясы, сенсордук бөлмөдө сабактар);

• административдик бөлүм.

Борборго кабыл алуу райондук, шаардык жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын жолдомосу аркылуу, борбордун жетекчилиги менен макулдашуу негизинде жүргүзүлөт. Жолдомо үчүн негиз болуп медико-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) же жашаган жери боюнча жалпы дарыгердик практика борборлорунун дарыгерлеринин сунуштамалары саналат.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги реабилитацияга муктаж балдарды колдоого жана алардын толук кандуу нүгүүсү үчүн заманбап шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну улантууда.

Последние новости