www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Салмагың кандай саясатчы? 

Дал ушундай рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев болмокчу? 

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин жетекчи катары эски стандарттарга сыйбаган жаңыча иштөө ыкмасы башында жеңил пиар сыяктуу коомчулукка өөн көрүнсө, учурда иштин натыйжалуулугунун көрсөткүчү катары кабылданууда. Чынында “кабинеттен” чыкпаган мэр болуудан баш тартып, көчөгө чыгып, эл менен түз баарлашып, шаардык турмушка башкача дем берди. Саясаттагы жасалмалуулуктан тажаган коомчулукка бул жөнөкөйлүк жакты. 

Анын “кабыл алуусу” көчөдө, короодо, көп кабаттуу үйлөрдүн алдында өтөт. Элдин үнүн угуп, ошол жерден чечим кабыл алуу – бул жаңы доордун жаңыча башкаруусу. Бул – чиновниктин эмес, кызматчынын образы. 

Элдин арасында “мэр өзү көчөгө чыкса, кызматкерлер деле кыймылдайт” деген сөз бар. Бул калыстык. Жетекчинин үлгүсү — командага таасир этет. Жеңишбек Токторбаевдин бул сапаты шаардык кызматтардын ыкчам иштешине түрткү берип жатат. Анын стандарттык эмес иштөө стили – заман талабына жооп берген лидердин образын жаратты.

Бирок бул аракеттердин туруктуу, сапаттуу жана узак мөөнөттөгү натыйжасына жетүү үчүн адамдык ресурстарды башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциялык тоскоолдуктарды азайтуу, жана стратегиялык пландоо маанилүү. 

Последние новости