www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 12–13-февралында Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келет. Бул тууралуу ТИМнин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен сүйлөшүүлөр, ошондой эле өлкө жетекчилиги менен жолугушуу пландалган.
Кыргызстандын ТИМ башчысы Ж.Кулубаев менен болгон жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык, транспорт-логистикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашат.
Мындан тышкары, министрлер эки мамлекеттин башчылары тарабынан жетишилген макулдашуулардын аткарылышынын жүрүшүн, 2026-жылга карата жолугушуулар менен сапарлардын графигин, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүнү карап чыгат.