www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 12-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Ислам Кызматташтык Уюмунун транспорт министрлеринин 2-жыйынына катышты.
Иш-чаранын алкагында транспорттук байланыштарды кеңейтүү, логистикалык коридорлорду өнүктүрүү, транспорттук тоскоолдуктарды азайтуу жана санарип технологияларды киргизүү сыяктуу бир катар маанилүү маселелер талкууланды.

Министр Сыргабаев өз сөзүндө өлкө үчүн артыкчылыктуу болгон “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоору ишке ашып жатканын белгилеп, төмөндөгүлөргө токтолду.
“Кыргызстан автомобиль жана темир жол тармактарын модернизациялоого, логистикалык борборлорду өнүктүрүүгө жана өлкөнүн транзиттик потенциалын жогорулатууга багытталган инфраструктуралык долбоорлорду активдүү ишке ашырууда. Негизги долбоорлордун бири — «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолунун курулушу десек болот”,-деди министр.
Мындан тышкары, ведомство жетекчиси Абсаттар Сыргабаев, Кыргызстан транспорт тармагын өнүктүрүүдөгү биргелешкен долбоорлорго жана демилгелерге катышууга даяр экенин кошумчалады.
“Бүгүнкү күндө туруктуу жана «жашыл» транспорт маселелери өзгөчө актуалдуу болууда. Кыргызстан экологиялык жактан таза транспорт түрлөрүн өнүктүрүүгө жана транспорт инфраструктурасынын айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууга багытталган демилгелерди колдойт”,-деди министр Сыргабаев.