www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандык парфюмер Гүлжан Түзел Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров үчүн атайын автордук атыр жаратканын билдирди.

Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Парфюмердин айтымында, атырдын композициясын жаратууга Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы дем берген.

Жыттын негизин Ысык-Көлдүн таза абасы, ошондой эле өлкөдөгү түрдүү өсүмдүктөр менен гүлдөрдүн жыпар жыты түзөт.

Гүлжан Түзел парфюмерия өнөрүн Францияда өздөштүргөнүн, ал эми апасынын теги кыргызстандык экенин белгилеген.

Ошондой эле ал социалдык тармактардагы колдонуучулардын жардамы менен өзүнүн автордук атырын президент Садыр Жапаровго жеке өзү тапшырууну каалап жатканын билдирген.

Последние новости