www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Евробиримдик Россияга каршы санкциялык механизмдерди күчөтүүнүн жаңы жолдорун карап чыгып, бул ирет көңүлдү криптовалюта тармагына бурду. Financial Times басылмасынын маалыматына ылайык, Брюссель буга чейин айрым платформаларга гана чектөө киргизүү жетишсиз болуп жатканын белгилеп, Россия менен байланышкан криптооперациялардын баарын системалуу түрдө токтотууну сунуштаган.

Маалыматка караганда, демилгенин негизги максаты, санкцияларды айланып өтүүгө шарт түзүп жаткан альтернативалуу финансылык каналдарды жабуу. Еврокомиссия Россияда катталган же орус юрисдикциясы менен байланышкан криптокызмат көрсөтүүчүлөр менен кызматташууну толугу менен токтотууну, ошондой эле Россия аймагында түзүлгөн платформалар аркылуу криптоактивдерди алмаштырууга бөгөт коюуну сунуш кылууда. Брюсселдин пикиринде, жаңы криптокызматтар тез түзүлүп, мурдагы чектөөлөрдү айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк берип жатат.

Эгер бул сунуш кабыл алынса, анда ал конкреттүү биржаларга гана эмес, жалпы криптоэкосистемага таасир этет. Атап айтканда, буга чейин санкциялык талкууларда аты аталган Garantex криптобиржасы, A7 төлөм платформасы, ошондой эле Кыргызстанда юридикалык каттоодон өткөн айрым структуралар да чектөөлөрдүн алкагына кириши мүмкүн.

Ошентип, Евробиримдик криптовалюта мейкиндигин санкция саясатынын жаңы фронту катары карап, финансылык агымдарды көзөмөлдөөнү кеңейтүүгө аракет кылууда.

Последние новости