www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстан энергетика министрлигинин буйругуна ылайык, 2025-жылдын 20-ноябрынан 2026-жылдын 20-майына чейин өлкө аймагынан, анын ичинде ЕАЭБ мүчө мамлекеттерине автоунаа транспорту менен бензин, дизель отуну жана мунайдын айрым түрлөрүн экспорттоого алты айга чейин тыюу киргизди. Тыюу салынган товарлардын тизмесине ЕАЭБдин ТН ВЭД коддору боюнча 2709 00, 2710, 2902, 3403, 3811 жана 3826 00 категориясына кирген мунай жана мунай химиялык продуктылары да кирет.
Мындай кадам Казакстандын ички рыноктогу күйүүчү май запасын стабилдештирүү жана баанын туруксуздугун алдын алуу максатында жасалып жатканы белгиленди.