www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Шымкент шаарындагы «Орталық Қырғы базарынын» кире беришиндеги ондогон соода жайлары бузула баштады. Алар өткөн аптада сот тарабынан мыйзамсыз курулган деп табылган.

Күркөлөрдү сот аткаруучулардын коштоосунда келген жумушчулар бузуп жатышат.

Соода жайларын алуу маалында каршылыгын билдирген беш-алты соодагер кармалды. Алар шаардын Аль-Фараби райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени айтылууда.

Эртең менен чогулган ондогон ишкер сот аткаруучулардан жаңы соода жайын таап алууга убакыт сурап, 34 күркөнү кийинчерээк бузууну өтүнүшкөн.

Бирок сот аткаруучулар күркөлөрдү бошотуу үчүн соодагерлерге бир саат убакыт берип, каршылык көрсөткөндөр беш суткага административдик камакка алынып же айыппул төлөй турганын эсертишкен.

Соодагерлердин көбү соода жайларынан чыгарылды, бирок бир үй-бүлө балдары менен күркөнүн ичине бекинип алган. Азыр базардын айланасы курчоого алынып, бузуу иштери жүрүп жаткан жерде өрт өчүрүү жана тез жардам унаалары турат.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости