www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШ лидери Дональд Трамптын Түркияда эки жылдан бери үй камагында жаткан америкалык пастор Эндрю Брансонду бошотуу талабына жооп кайтарды.
Эрдоган Түштүк-Африка республикасына жасаган сапары учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып: “Америка маанилүү жана чынчыл өнөктөшүнөн ажырап калышы мүмкүн“, деди. Ал The Washington Post гезитинин Дональд Трамп анын суранычы менен терроризмге айыпталып камалган түрк жаранын бошотуу боюнча Израилге өтүнүч жолдогон деген маалыматын тастыктады. Бирок Эрдоган буга жооп иретинде Брансонду бошоторун сунуштаганын четке какты.
Вашингтон НАТОнун Брюсселде өткөн акыркы саммитинде дал ушундай макулдашууга жетиштик деп түшүнгөн. Трамптын өтүнүчүнүн негизинде Израиль “Хамаска“ жардам көрсөтүүгө айыпталаган , 27 жаштагы Эбру Өзканды бошотуп, өлкөдөн чыгарган. Бирок Брансондун соттук иши кыскартылган эмес.
26-июлда президент Дональд Трамп эгер Түркия америкалык пасторду бошотпосо, Вашингтон Анкарага "чоң санкцияларды" киргизерин билдирген.
"Ал абдан кыйналды. Динди карманган бул бейкүнөө адам дароо бошотулушу керек",-деп жазган Трамп "Твиттердеги" барагына.
Түркияда 20 жылдан ашуун жашаган христиан пастору 2016-жылдын октябрында Измир шаарында камакка алынып, ага "терроризм жана тыңчылык” беренелери боюнча айып тагылган. Түрк бийлиги аны Америкада бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүлендин тарапкерлерине жардам берген жана күрт жикчилдерин коргогон деп айыптап жатат. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, ал 35 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Өзүнө тагылган айыптарды четке кагып жаткан пастор Брансон 25-июлда тергөө абагынан үй камагына чыгарылган.
Булак: Борбордук Азия жаңылыктары