www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 18-майда болгон катуу шамалдын кесепетинен Нарын жана Ысык-Көл облустарында турак жайлар, социалдык обьектилер, трансформаторлор жабыркап, бак-дарактар кулаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, катуу шамалдан Ысык-Көл облусунда 5 көп кабаттуу турак үй, 217 турак үй, 17 социалдык объект, 127 чарба курулуштар, 3 даана унаа, 26 трансформатор жабыркаган жана 139 бак кулаган.

Ал эми Нарын облусунда 30 турак үй, 43 сарай, 1 маданият үй, 1 дүкөн, 1 мектеп, 5 короо (навес), 7 дубал, 1 цех жабыркаган.

ӨКМ бүгүн, 19-майда да айрым жерлерде тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди.

 

 

Последние новости