www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы алты айдын ичинде электр берүү линияларында (ЭБЛ) 26 жогорку чыңалуудагы авариялык өчүрүү катталган.

Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, авариялардын негизги себептеринин арасында жабдууларды пайдалануу эрежелеринин жана коопсуздук техникасынын бузулушу, жабдуулардын техникалык абалы, аткаруучу уюмдардын күнөөсүнөн электр берүү линияларынын үзүлүп же бузулуп калышы, ошондой эле айрым жооптуу жетекчилердин кайдыгер мамилеси бар.

Касымалиев ар бир пландан тышкаркы өчүрүү социалдык нааразычылык жаратып, ишкерлерге зыян келтирерин белгиледи. Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп жаткан учурда мындай көрүнүштөргө жол берилбеши керек.

14-августтагы өчүрүү боюнча комиссия түзүлөт
Министрлер Кабинетинин башчысы Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азамат Апсатаровго маселени жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ошондой эле өлкөнүн бир катар аймактарында болгон электр энергиясынын өчүрүлүшүнүн себептерин, анын ичинде 2026-жылдын 14-августундагы окуяны деталдуу иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлөт.

Мындан тышкары, тиешелүү министрликтердин, энергетикалык компаниялардын жана подряддык уюмдардын өчүрүүлөргө жол берген кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук жана тартиптик баа берүү тапшырылды.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча сунуштар киргизилет.

Последние новости