www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Опулдаган Марат Иманкулов деген чиновникти тааныйсыздар да. Азыр Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы деген бакандай кызматты минип отурат. Бирок, эмне иштерди кыйратып, кандай идеологияны ишке ашырып, не ачылыштардын үстүндө иштеп жаткандыгынан кабарыбыз жок.

Мамлекеттин идеологиясын көтөрө турган жооптуу кызматка «алтын балыктын» образындагы ушундай кишини койгондо бир эсе таңгалганбыз. Бул эргулга салыштырмалуу Сүйүнбек Касмамбетов эл астында кадырлуу, төөлүк өйдө эмес беле, туурабы?

Баса, Иманкулов кызматсыз жүргөндө маек берип, гезит-сайттарга чыгып калчу эле, азыр дайын-дарексиз! «Торпоктун чуркаганы саманканага чейин» дегендей эле биздин чоңдордун түпкү максаты өзгөрүлмө тура. Бийликти сындап чыга калышат дагы, кызмат берип койсо болду, «катыным дүлөй – жаным тынч» дегендей бейкапар жашоого сүңгүп киришип, жок болуп кетишет…

"Азия Ньюс" гезити

 

Последние новости