www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мөөнөтүнөн мурда тараган Жогорку Кеңештин депутаттары кызматта жок болсо да, мандатын сактап, айлык маяна, техникалык шарттар, дипломаттык артыкчылыктардан толук пайдалана беришет. Кыргызстандын саясий турмушунда орун алып жаткан мындай жаңы көрүнүш коомчулукта чоң нааразылык жаратып, мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк маселесин козгоп чыкты.
Баш мыйзамдын 79-статьясында белгиленгендей жана “Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндө” мыйзамда парламенттин ыйгарым укугу токтосо — депутаттын ыйгарым укуктары да токтойт деп так, даана жазылып турат. Бирок Жогорку Кеңештин аппараты менен Борбордук шайлоо комиссиясы муну тескери чечмелеп, "жаңы парламент ант бергенге чейин" депутаттар өз макамы менен кала берет дешүүдө. Тараган парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да ушундай позицияны карманууда.
Бул жагдай сырттан караган кишиге “казанчынын өз эрки кайдан кулак чыгарса” дегендей Конституцияны саясий кызыкчылык үчүн бурмалап жатышканы оркоюп көрүнүп турат. Себеби, эл өкүлдөрү өздөрүнүн мыйзам чыгаруу милдетин толук аткаруудан баш тартып, бирок мамлекеттик ресурстардан толук пайдаланууну улантып жатканы – этикалык да, укуктук да жактан алганда, эч кандай моралдык-мыйзамдык алкакка сыйбайт. Муну мандаттын көлөкөсүндө калган моралдык жоопкерчиликсиздик дейт.
Арийне, мандаты бар, бирок милдети жок бул эмне деген кызмат?
Айтайын дегенибиз, депутаттар мыйзам чыгаруучу орган катары ишин токтотсо – алар кандай кызматы үчүн маяна алыш керек деген суроо туулат. Андыктан, ыйгарым укуктарын токтотушуп тараштыбы, болду мамлекет кепилдеген ресурстардан, маянасынан дароо баш тартышы керек. Милдетибизди аткара албай “шал болуп калдык” дешип тарап кетишип, бирок “керек болсо кайра келип чечим чыгарабыз” деген логика — укуктук абсурд.
Бул көрүнүш кыргыз саясатында “кызматтан кет, бирок бийликте кал” деген прецедентти калыптандырып коюшу мүмкүн. Мындай прецедент – келечектеги саясий манипуляцияларга жол ачат.
Демек, парламент өзүн-өзү таркаткан соң, мандаттын, айлыктын жана кызматтык артыкчылыктардын сакталышы – укуктук нигилизмдин белгиси. Шайлоо алдындагы тең атаандаштык шарттарын сактоо үчүн, мындай ыкмаларга Конституциялык сот аркылуу так жооп берилиши зарыл.
Парламент тарадыбы – анда мандатка негизделген артыкчылык да болбош керек. Эл өкүлү болуу – кызмат эмес, жоопкерчилик. Бул жоопкерчилик өз макамына жамынып, шайлоодо артыкчылык алуу эмес, мыйзамдуулукка үлгү болуу менен өлчөнөт.
Алмаз Темирбек уулу