www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-августта, Бишкек шаардык сотунда «75чилердин каты» боюнча сот отуруму өтмөк.
Отурумдун алдында сотко чакырылгандардын бири, экс-министр Карыпбек Асанов 75 аксакалдын катына эмне себептен кол койгонун айтып берди.
- Катты Эмил Узакбаев алып келген. Ошол кезде социалдык тармакта президенттин мөөнөтү өтүп кетти, бирөөлөр Конституциялык сотко кайрылыш керек деген талкуу жүрүп жаткан. Анан Конституциялык сотко кайралып маселени чечиш керек дегендей маселе көтөрүлгөн экен, болуптур деп кол коюп бергем. Кийин кылмыш ишине айланып кетти. Интрига кылган Жогорку Кеңештин депутаттары бар экен деп айтылды. Ал жерде эч кандай кылмыш жок, - деп билдирди Карыпбек Асанов өз сөзүндө.
Белгилей кетсек, буга чейинки отурумда айыпталып жаткан 8 адам менен гана чектелбестен, катка кол койгондордун баарын сотко чакыруу талабы коюлган.
Бишкек шаардык сотунда бүгүн каралууга тийиш болгон «75чилердин» иши боюнча сот отуруму 24-августка жылдырылды.
Маалыматка караганда, отурумга айыпталуучулардын биринин адвокаты келбей калгандыктан, соттук териштирүү башка күнгө жылдырылган.