www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Зардалынын көйгөйүн Ирина Карамушкина эми көрдү. Көрөөрү менен чоң ачылыш жасагансып, шашып-бушуп премьер-министрге чакырык таштады. Ал “ал жакта электр жарыгы, байланыш, радио, телевидение жок. Баткен окуясынан кийин ал жерде чек ара тозоту пайда болуп, жергиликтүү тургундар жок дегенде аскерлердин фельдшерине кайрылып калышты. Сизге чакырык таштайм, Мухаммедкалый Дүйшекеевич. Аял болуп туруп мен ал айылга барып-келдим, сиз да октябрдын аягына чейин Зардалыга барып-келиңиз. Эгерде барып-келсеңиз, анда сиз ал жакка барган биринчи премьер болосуз”, - деп алыскы Зардалыга барып-келгенин элге айтып калгысы келди.
Ирина Юрьевна буга чейинки 7 жыл ичинде кайда карап отурду экен? Зардалынын көйгөйү тээ илгертен эле быжып-кайнап, бийлик ага көңүл бурбай эле келбеди беле? Шефи Атамбаевдин башкаруусу тушунда Зардалыга барып кабар алмак тургай, асманда калкып жүргөн Ирина эже бүгүн ойгонгон турбайбы. Ойгонсо эле заман өзгөргөн, эптеп бийликти кытыгылап туруштун амалын кылыш керек. Кайран Карамушкина...
Булак: NazarNews.kg