www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эшек сойгон атайын цех бар экени да таңгалычтуу. Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылынын тургундары эшек сойгон цехтин жабылышын талап кылышууда. Жашоочулар ал фермадан чыккан жагымсыз жыт айылды каптап, чымын-чиркей көбөйүп, мунун кесепетинен жугуштуу оорулар тарай турганынан кооптонушууда. Алардын айтымында, цехте иштегендер эшек союудан калган калдыктарды ачык жерге ташташып, малдын кыгы чыгарылбагандыктан, ушундай жагдай жаралган.
Элдин нааразычылыгы күчөгөнүнө байланыштуу тиешелүү кызматтардан турган атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада, ветеринардык-санитардык нормалар бузулганы аныкталган.
Булак: "Азия ньюс"