www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылып, жаратылышка аяр мамиле кылууга чакырды.

"Акыркы 5 жылдан бери Ысык-Көлдү синтетикалык торлордон тазалап бүтө албай жатабыз. ИИМдин, ӨКМдин, Жаратылыш министрлигинин кызматкерлери жайы-кышы дебей, көл үстүндө торлоду тазалап жүрүшөт.

Эмгектерин баалайлы. Тор салбайлы.

Жаратылышты таза сактап, кийинки муунга өткөрүп берели. Соң-Көл көлү менен Токтогул суу сактагычында да ушундай эле көрүнүш.

Эл арасында “торлорду бажыдан өткөрбөй койбойсуңарбы” деген сын-пикирлер бар. Албетте, синтетикалык торлорду Кыргызстанга алып келүүгө тыюу салынган. Бирок мурда алынып келиген торлордун арты бүтпөй жаткандай.

Ошондуктан, кимде мурда алынып келген торлор бар болгон болсо жогорудагы министрликтерге тапшырып берсеңиздер, өтүнүч", - деп жазды мамлекет башчысы.

 

 

Последние новости