www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунда тергөөчүгө 40 миң сом пара берүүгө шектелген жаран кармалды.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 2026-жылдын 14-августунда болгон.

ИИМдин Ички иликтөө кызматынын Ош шаары жана Ош облусу боюнча бөлүмүнүн жана Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жүрүшүндө 2004-жылы туулган А.М. аттуу жаран кармалган.

Ал тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгын өзүнө ыңгайлуу чечип берүү үчүн милиция кызматкерине 40 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалганы айтылды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси («Пара берүү») менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Последние новости