www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу ВЛКСМ айылында курулуп жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдүн сейсмикалык бекемдиги боюнча инженердик текшерүү жүргүзүлдү.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн.

Анын негизги максаты — “Евразия Строй Групп” ЖЧКсы куруп жаткан турак үйлөрдүн техникалык абалын баалоо болгон.

Учурда объекттин бир блогунун курулушу аяктоо алдында турса, экинчи блогунун курулуш иштери жаңыдан башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө адистер долбоордук жана техникалык документтерди изилдеп, имараттардын конструкциялык элементтеринин ишенимдүүлүгүн аныктоо үчүн тиешелүү техникалык өлчөөлөрдү жүргүзүштү.

Жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, объектти коопсуз пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгары белгиленди.

Последние новости