www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, мурда үй камагына чыгарылган ишкер Урмат Бекболиев кайрадан милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы кабарланды.
ЖМКлардын маалыматка ылайык, 1-июнда тергөө кызматы Сухэ-Батор көчөсүндөгү дарек боюнча үй камагынын шарттары бузулушу мүмкүн деген жагдайды каттаган. Андан соң Бекболиевди Октябрь райондук милициясынын кызматкерлери кармап, териштирүү жүргүзүү үчүн шаардык милиция бөлүмүнө жеткиришкен.
Учурда кармоонун жагдайлары боюнча укук коргоо органдары расмий комментарий бере элек.
Эске сала кетсек, 13-майда Бишкек шаардык соту ишкерге карата бөгөт коюу чарасын өзгөртүп, аны тергөө абагынан үй камагына чыгарган. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча шектүү катары өтүп жаткан.
Урмат Бекболиев ырчы Анжелика Кайратованын мурдагы жолдошу катары белгилүү.
Учурда тергөөнүн жүрүшү жана үй камагынын шарттарын бузганы тууралуу маалыматтар расмий түрдө ачыктала элек.