www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтанын мэри кармалганы айтылды

Кара-Балта шаарынын мэри Мирлан Жекшенов жана башка бир нече аткаминерлер камакка алынды. Бул тууралуу бир катар ЖМКлар өздүк булактарына шилтеме берип жазышты.

Маалыматта айтылгандай, аталган кызмат адамдары коррупцияга шектелип кармалган. Кармалгандардын арасында мэр жана шаардык муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы да бар.

Белгилей кетсек, өткөн жумада Камчыбек Ташиев жергиликтүү тургундардын начар курулган сейил бак боюнча даттануусунан кийин Токмок шаарына текшерип барган. Ал жерде Чүй облусунун бардык жетекчилеринин катышуусунда жыйын өткөрүп, аталган жыйын учурунда Токмок шаарынын мэрин жана дагы үч жооптуу кызматкер камакка алынган.

Булак: Sputnik_Kyrgyzstan

Последние новости