www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 4-майында Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы ресторандардын биринде дубал кулап, адам өмүрү кыйылды. Маалымат Жайыл РИИБине тез жардам кызматы аркылуу түшкөн.
Окуянын кесепетинен 2007-жылы туулган К.Э. аттуу жаран каза болуп, сөөгү райондук моргго жеткирилген. Ал ресторанда 2025-жылдын март айынан бери администратор болуп иштеп жүргөн.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсык болжол менен саат 12:00 чамасында болгон. К.Э. иниси жана кесиптештери менен жайкы аянтчада турган учурда, кум-блоктон курулган дубалдын үстүңкү бөлүгү кулап, бастырманы басып калган. Натыйжада ал урандылардын алдында калып каза болгон.
Алгачкы версияларга ылайык, жайкы аянтчаны жаап турган чатырга жамгыр суусу топтолуп, дубалга кошумча күч келип, анын кулашына себеп болгон.
Бул факт боюнча териштирүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Жыйынтыгында мыйзам чегинде тиешелүү чечим кабыл алынат.