www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Капитолийге жакын жерде өрт чыгып, АКШнын баш калаасы Вашингтондо өлкөнүн шайланган президенти Джо Байдендин ант берүү аземине даярдык көрүп жаткандар эвакуацияланды. Буга Анын айынан Капитолий убактылуу жабылып, репетиция токтотулду.

Өрт Капитолийге жакын үй-жайы жоктор баш калкалаган көпүрөнүн алдынан чыккан. Анын себеби белгисиз. Социалдык тармактардагы кабарларга караганда окуя болгон жерге дароо полиция барып, тик учактар көтөрүлгөн.

АКШнын баш калаасында ушул күндөрү Джо Байдендин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

Жуманын башында коомдук коопсуздукка көзөмөл кылууга полицияга Улуттук гвардиянын 20 миң аскери көмөктөшөрү айтылган.

Вашингтондо 6-январда мөөнөтү аяктап бараткан президент Дональд Трамптын тарапташтары Капитолийди ээлеп алгандай окуялар кайталанбашы үчүн бийлик коопсуздукка көңүл бурууда.

Эскерте кетсек, АКШ Конгрессинин Сенаты менен Өкүлдөр Палатасынын 6-январдагы орток отурумунда Шайлоочулар коллегиясынын президенттик шайлоо жыйынтыгы боюнча бүтүмү жарыяланып жаткан. Ошол учурда Трамптын бир нече миң жактоочусунун тынч нааразылык жыйын зомбулукка айланып, айрымдары Капитолийдин ичине кирип келишкен. Натыйжада отурум бир нече саатка үзгүлтүккө учураган. Анын жыйынтыгында беш киши каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости