www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Тогузунчу кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагынбаевге оор жана өзгөчө оор 11 кылмыш ишине шектелип жатат.. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек уулу Автандил билдирди.

Канат Сагымбаевге төмөндөгү кылмыш иштерине шектелип жаткандыгы тууралуу кабар берилди:

1.    Бийликти күч менен басып алууну уюштуруу;

2.    Массалык баш-аламандыкты уюштуруу жана жарандарга карата күч колдонуу;

3.    Адамдарды барыматага алууну уюштуруу;

4.    Альфа кызматкерин өлтүрүүгө катышуу;

5.    Адам өлтүрүүгө аракет кылуу;

6.    Адам өлтүрүүгө аракет кылуу;

7.    Бийлик өкүлдөрүн коркутуу жана күч колдонуу;

8.    Тергөө иштеринин жүрүшүнө тоскоолдук кылууну уюштуруу;

9.    Тергөө органдарына карата күч колдонууну уюштуруу;

10.   Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу;
11.   Курал-жарактарды жана ок-дарыларды уурдоону уюштуруу;

Адвокаттын айтымында Канат Сагымбаев коюлган айыптардын бардыгын четке какты.

“Мен тергөө иштерине эч кандай тоскоолдук жараткан эмесмин. А. Атамбаевдин үйүнө белгисиз бет капчан, куралданган адамдар кирип келишти.  Алар өздөрүн тааныштырбагандыктан, Альфанын кызматкерлери, тергөө кызматкерлери экендигин  кайдан билиптирмин?! Болуп жаткан бул иштердин баары  мурда эле  бийлик тарабынан пландалган деп ойлойм.  Ал тургай соттун чечими деле бул мезгилге чейин эле чыккан деп эсептейм. Мен мындай жыйынтыкка тергөө кызматкерлери алар менен кызматташсам, кылмыш иши жабылып, мени коё беришин убадалашкандан кийин келдим,-деп Сагымбаев билдирген.

“Биз тагылган айыптар жалган жана  атайын жактардын көрсөтмөлөрүнө гана  негизделип, тергөөчүлөр менен кызыкчылыгы бар тарап келишип алышкан деп эсептейбиз”,-деп билдирген адвокат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости