www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камерунда алтын казылган шахтанын урашынан 100дөй адам каза болду.

Бул тууралуу Cameroun24 басылмасы жазды.

Кырсык өлкөнүн чыгышындагы, Борбордук Африка Республикасы менен чек арага жакын алтынга бай аймакта болгон.

Учурда окуя болгон жерде издөө-куткаруу иштери уланууда. Кырсык учурунда шахтада канча адам болгону азырынча так белгисиз. Окуянын себептери да аныктала элек.

Куткаруучулар оор шартта иштеп жатышат. Урандыларды тазалоо кол менен жүргүзүлүүдө.

Анткени оор техниканы колдонуу шахтанын дагы бекем турган бөлүктөрүнүн урашына алып келиши мүмкүн.

Маалыматка ылайык, издөө-куткаруу иштери уланууда.

 

 

 

 

 

 

Последние новости