www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевтин жээни Байгазы Матисаков тергөө менен кызматташуу боюнча келишимдин негизинде камактан бошотулду.
Бул боюнча 2-апрелде, Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук соту ИИМдин тергөө кызматынын Матисаковго карата бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн карап чыгып чечим кабыл алды.
Матисаков “ Кыргызнефтегаз” ишканасындагы коррупция иши шектүү катары кармалган. Ал 2021-жылдан тартып аталган ишкананын башкы директору болгон.
Аталган кылмыш ишине байланыштуу ИИМ "Кыргызнефтегаздагы" коррупциядан мамлекетке келтирилген чыгымды 4,1 млрд сом деп баалап, анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаирбек Ташиевди камакка алды.