www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-апрелде Бишкек шаарында «Уңгужол: маданий-руханий жаңылануу» аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өтүп жатат. 

Форумдун жүрүшүндө Журналисттер союзун төргасы Илязбек Балташев сөз сүйлөдү.

"Урматтуу форумдун катышуучулары, кадырлуу чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү, айымдар жана мырзалар!

Бүгүнкү “Маданий-руханий жаңылануу” аттуу улуттук форум – бул жөн гана маданият же искусство жөнүндө жыйын эмес. Бул – мамлекеттин идеологиясы, улуттук аң-сезим, коомдун багыты, жаш муундун тарбиясы тууралуу чоң сөз болуп эсептелет. Ушундай маанилүү процессте журналистиканын ролу абдан чоң.

Журналистика – бул коомдук пикирди калыптандыруучу, баалуулуктарды жайылтуучу, мамлекет менен коомдун ортосундагы көпүрө болгон стратегиялык тармак. Бүгүн коом эмнени ойлойт, эмнени талкуулайт, эмнеге ишенет – мунун баары маалымат мейкиндиги аркылуу калыптанат.

Бүгүнкү глобалдашуу доорунда маалымат – бул курал. Интернет, социалдык тармактар, чет элдик медиа – мунун баары жаштардын дүйнө таанымына түз таасир берип жатат. Мындай шартта улуттук баалуулуктарды, тилди, тарыхты, салт-санааны, мамлекеттүүлүк түшүнүгүн сактоо жана бекемдөөдө журналистиканын жоопкерчилиги мурдагыдан да жогору болуп калды.

Бирок ушул жерде дагы бир маанилүү маселеге токтолбой кетүүгө болбойт. Бул – аймактык журналистиканын абалы. Бүгүн аймактарда иштеген журналисттер өтө оор шартта иштеп жатышат. Көпчүлүгү аз айлык алат, техника жетишсиз, интернет начар, айрым учурда коопсуздук маселеси да бар. Аймактагы журналист – бир учурда кабарчы, оператор, монтажер, кээде айдоочу да  болуп иштеп жатат. Бирок дал ошол аймактык журналисттер өлкөнүн чыныгы турмушун көрсөтүп, эл менен бийликтин ортосундагы эң жакын байланыш болуп берип жатышат. Ошондуктан аймактык журналистиканы колдоо – бул маалымат коопсуздугун колдоо деген сөз.

Акыркы убакта сот жообуна тартылган журналисттер боюнча да коомчулукта көп талкуу болуп жатат. Бул маселеде биз бир нерсени так түшүнүшүбүз керек. Журналист – мамлекетке душман эмес. Журналист – оппозиция эмес. Журналист – бул коомдогу маселелерди айтып, аны бийликке жеткирген, коом менен мамлекеттин ортосундагы байланыш болгон адам.

Күчтүү мамлекет – журналисттен корккон эмес, күчтүү мамлекет – мыйзам иштеген, адилеттик болгон, сөз эркиндиги менен жоопкерчилик тең салмакта турган мамлекет. Бирок ошол эле учурда журналист да мыйзамды сакташы керек, бирок журналист өз ишин аткарып жатканы үчүн коомдо коркуу сезими пайда болбошу керек. Анткени эркин ой айтылган жерде өнүгүү болот.

Бизге мамлекетти жамандаган журналистика да, мамлекетти мактаган журналистика да эмес – өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошкон журналистика керек. Бизге сенсация кууп, чыр чыгарган журналистика эмес – коомго багыт берген журналистика керек. Бизге негативди көбөйткөн журналистика эмес – позитивдүү күн тартибин түзгөн журналисттер керек.

Айылдагы ишкерди көрсөткөн, мугалимди даңазалаган, дарыгерди колдогон, аскерди урматтаган, окумуштууну тааныткан, эмгекти даңазалагандар – мына ошол мамлекеттик идеологияны бекемдеген журналистика болуп эсептелет.

Жыйынтыктап айтканда, маданий-руханий жаңылануу – бул бир министрликтин же бир тармактын иши эмес. Бул – жалпы мамлекеттин, интеллигенциянын, журналисттердин, мугалимдердин, маданият өкүлдөрүнүн, жалпы коомдун биргелешкен иши.

“Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” – улуттун өзөгүн сактап калуу, мамлекеттин руханий пайдубалын бекемдөө, келечек муундун аң-сезимин туура багыттоо маселеси.

Ушул багытта Мамлекеттик катчы аркылуу Маданият жана илим министрлигине төмөнкү сунуштарды айтууну зарыл деп эсептейм.

Биринчи – улуттук баалуулуктарды жайылткан медиа-контент мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болушу керек. Биз өз тарыхыбызды, тилибизди, маданиятыбызды, улуу инсандарыбызды өзүбүз даңазалабасак, аны эч ким келип жасап бербейт. Улуттун руху – маалымат аркылуу көтөрүлөт.

Экинчи – аймактык журналистиканы колдоо бул мамлекеттин бүтүндүгүн, элдин үнүн, аймактардын руханий жашоосун колдоо деген сөз. Аймактагы журналист – бул элдин үнү, ал үн алсырабашы керек.

Үчүнчү – жаш муунду тарбиялоо маселеси өзгөчө көңүлдө болушу шарт. Мектептен баштап медиа сабаттуулук, улуттук аң-сезим, маданий мурас боюнча системдүү билим берилмейинче, руханий жаңылануу толук ишке ашпайт. Анткени келечек – бүгүнкү тарбиядан башталат.

Эгер маданият, билим берүү жана маалымат саясаты бир багытта, бир идеологиялык нукта иш алып барса – анда “Уңгу жол” ураан бойдон калбайт. Ал мамлекеттин өнүгүүсүнүн, улуттун бекемдигинин, коомдун биримдигинин негизги багытына айланат.

Урматтуу кесиптештер!

Улутун унуткан эл – келечегин жоготот.

Ал эми руханий дөөлөтүн сактаган эл – дүйнөлүк бийиктикке чыгат.

Биздин милдет – ошол рухту сактоо, күчөтүү жана кийинки муунга өткөрүп берүү", - деди Балташев.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара мамлекеттик катчы А.К. Койчиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсаловдун, мамлекеттик органдардын, чыгармачыл союздардын, илимий коомчулуктун, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүүдө.

 

Последние новости