www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев мурдагы М.В.Фрунзе атындагы машина куруучу заводдун аймагында болду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Белгилүү болгондой, СССР тарагандан кийин машина куруу заводунун мүлкү менчиктештирүү программасынын жана мамлекеттик ишканалар секторун реформалоонун негизинде реабилитацияланууга тийиш болгон. 1995-жылдан тартып заводдун ликвидаторлору жоюлуп жаткан заводдун имараттарын жана курулмаларын сатуу боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, жыйынтыгында заводдун 61,2 гектар аянты талкаланып, жеке менчикке өткөрүлүп берилген.

Бүгүнкү күндө заводдун аймагында 200гө жакын субъект иштейт, алардын бир бөлүгү ар кандай буюмдарды (тиричилик химиясы, металл конструкциялары, типографиялар, тигүү цехтери, пластикти кайра иштетүү, курулуш материалдары, тамак-аш азыктары) өндүрүү менен алектенет жана бир бөлүгү кампа жайлары үчүн колдонулат.

2023-жылы УКМК тарабынан Фрунзе заводунун жерлерин мыйзамсыз жоюу жана жеке менчикке чыгаруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында мэриянын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан заводдун аймагын жеке менчикке чыгаруу аракеттерин жараксыз деп табуу боюнча сот органдарына доо арыз берилген.

Буга байланыштуу ишкерлер жана ишканалардын кызматкерлери Ташиевге заводго келип, кырдаал менен таанышып, түзүлгөн кырдаалды чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Андыктан УКМК төрагасынын келишине карата заводдун аймагында өндүрүлгөн продукциялардын көргөзмөсү уюштурулуп, бизнес өкүлдөрү менен жеке баарлашууга шарт түзүлдү.

Өндүрүлгөн продукция, материалдар менен таанышкандан кийин Ташиев ишкердик субъекттерин колдоо, аларды криминалдык түзүмдөрдөн коргоо, мамлекеттик кызматкерлер тарабынан негизсиз кысым көрсөтүүнү токтотуу, ошондой эле заводдун аймагы боюнча доо арыздарды сот органдарында объективдүү кароо зарылдыгы жөнүндө пикирин билдирип, судьялардын көз карандысыздыгын белгиледи.

УКМК башчысы ошондой эле жакынкы келечекте аталган ишканалар өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүп, инфраструктураны жакшыртып, инвестицияларды тартып, өлкөнүн экономикалык бакубаттуулугун өнүктүрүүгө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Последние новости