www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Мекенчил" деген сөздүн төркүнү - мекенин, элин, жерин сүйгөн, өлкөсүн өнүктүрүү үчүн кызмат кылган жаран, деп түшүндүрүлөт кыргыз тилинде. Ошол сөзгө татыктуу эң алгачкы инсандардын бири, бул, Садыр Нуркожоевич Жапаров болду. Бул тууралуу пикирин активист Калыбек Жапаров билдирди.
30 жыл мурда эгемендүүлүккө жетишкенибиз менен, бүгүнкү күнгө чейинки биздин Кыргызстаныбызды жемкор-чиновниктер сазга батырып коюшкан эле. Жегенге нан таппай, кийингенге кийим таппай, элибиз жашоонун оор запкысын тартып, жан чыдагыс өмүрүн өткөрүп жатышат... . Кыргызстан экономикалык, социалдык кризистин ченгелине батып турган чак.
Ушул абалдан пайдаланып калалы деген НПО, батышчылдар, "непорядочный оппозиционерлер" күндөн күнгө көбөйүүдө. Булардын эң негизги тилеги - Президент Садыр Жапаровдун алсызданышы, аны элге жек көрсөтүү жана аны кулатуу максаты болот. Тарыхыбызда, эң биринчи жолу Садыр Жапаров элдин каалоосу менен шайланып, Элдик Президент болду. Бирок, биздин ар тармактуу профессионал шылуундар Садыр Жапаровду элге жек көрсөтүү пландарын ишеп жатышканы белгилүү болуп турат.
Алар жаңылышат. Садыр Жапаров жалгыз эмес. 30 жыл элдин канын соргон жемкор-көпөс-чиновниктерге мекенчил элибиз алданбайт. Садыр Жапаровдун артында калдайган калайык журту турат. Элдин агымын башка нукка буруп кетебиз деген шылуундар жаңылышат. Керек болсо, ушуларды жөнгө салып койо турган элибиз бар.
Жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт. Кечээки муфтият боюнча ызы-чууда элибизде бир аз түшүнбөстүк абал жаралды. Ич арадан чыккан түшүнбөстүктү Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы өздөрү бүтүрүп алышса жакшы болмок, Президентке, анан коомчулукка чыгарбастан. Мунун арты менен Президентибиз Садыр Жапаровду дагы аралаштырып жиберишти.
Ызы чууну салып, Кыргыз элинин бүтүндүгүнө шек келтирген аалымдар кеңешинин төрагасы Абибилла Кадырбердиевге укуктук баа берилиши керек. Эй, Кыргыз коомуна каршы иштегендер! Көзүңөрдү чоң ачкыла! Садыр Жапаровдун артында жүрөгү мекеним, элим деп соккон миңдеген мекенчил баатырлар турат. Алар Садыр Жапаровду жөн эле силердин колуңарга салып бербейт. Алар Садырды ара жолго таштап кетпейт. Силердин эң негизги максатыңар: байлык топтоо, элге боор ооругандай түр көрсөттү менен элди адаштыруу, күч келсе акырындап качып жок болуп кетүү. Ар кандай митингдерди уюштура койгон, ички дүйнөсү бузук, эл бузарлар, Садыр Жапаровдон колуңарды тарткыла! – деди Калыбек Жапаров.
Булак: NazarNews.kg