www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Жыйынга мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жана өкмөттүк эмес сектордун өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо программасынын бет ачары болуп, анын негизги максаттары, артыкчылыктуу багыттары жана күтүлүп жаткан жыйынтыктары тааныштырылды.
Ошондой эле эмгек миграциясынан кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарына комплекстүү колдоо көрсөтүүгө багытталган иш-чараларды ишке ашыруунун негизги механизмдери сунушталды.
Мындан тышкары, катышуучулар эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Жыйында программаны ийгиликтүү ишке ашыруу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын, жарандык коом институттарынын жана башка кызыкдар тараптардын тыгыз жана натыйжалуу кызматташуусу аркылуу гана мүмкүн экени белгиленди.
Аталган программа кайтып келген мигранттарды коомго жана эмгек рыногуна ийгиликтүү интеграциялоого, алардын социалдык жана экономикалык жактан туруктуу жашоосуна көмөк көрсөтүүгө багытталган.