www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 10-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов «Борбордук Азия – Корея Республикасы» Саммитине даярдык боюнча улук кызмат адамдардын биринчи жыйынына катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө К. Турсункулов Кыргыз Республикасы алдыдагы Саммитти практикага багытталган кызматташтыкка жаңы дем берүүчү маанилүү саясий окуя катары карай турганын белгиледи. Өзгөчө көңүл Саммиттин күн тартибин конкреттүү экономикалык мазмун менен толтурууга бурулду, анын ичинде соода, инвестициялар, өнөр жай кооперациясы, транспорттук-логистикалык байланыштуулук, энергетика жана санариптештирүү тармактарын өнүктүрүү, ошондой эле конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо маселелери камтылды.
Иш-чаранын алкагында К.Турсункулов ошондой эле Корея Республикасынын Тышкы иштер министри Чо Хён менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчыларынын жолугушуусуна катышып, Кыргыз Республикасынын көп тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыктап, Борбордук Азиянын стратегиялык жактан маанилүү регион катары ролу өсүп жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, 2026-жылдын 9-апрелинде К.Турсункуловдун Корея Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ый Хэ Чонг менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өтүп, анын жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну активдештирүү маселелерин талкуулашты.


