www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайгуулчуга кол салган шектүү кармалды

Бишкек шаарында 33 жаштагы Ж.С. кайгуул кызматкерин сөз менен коркутуп, анын ишине тоскоолдук жасап, сабаган. Бул тууралуу Октябрь райондук ИИБдин маалымат кызматы билдирди. Окуя 16-ноябрда, саат болжол менен 23:35те, №8 кичи райондо болгон.

КР УКнын «Мамлекет өкүлүнө же коомдук тартипти көзөмөлдөгөн башка адамга каршылык көрсөтүү менен хулигандык» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 33 жаштагы жаран кармалып, Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

Последние новости