www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жантөрө Сатыбалдиев коррупциянын анык лөктөрүнүн бири. Канча кылмыш ишин козгогон болушат... "иши"  унутулмак турсун иштеген ишинен жогорулап кетип жүргөн шум. Министирликтен түшүп бош боло калганда Акайыч атайын светтин акчасын өндүрө турган кызмат түзүп берген. Шаардыктарды билбейм, айылда акылга сыйбаган иштер болгон. Акча айылда ал убакта тарыш эмес беле? Энергосбыттын кызматкерлери милийсанын коштоосу менен келип, үй үйдөн колго илинер нерсе болсо эле светтин акчасына тогоштуруп алып киришкен. Кампасынан жүгөрү, картөшкө короосунан тоок, торпок дегендей....Колунда жогун коколой башын милийсалар айдап кетип жаткан. Бир туруп жиниң келет, бир туруп күлкүң келет...Ушундай «концертти « ойлоп тапкан Акаевге, аткаруучусу Жантөрөгө тамаша жазгам.
А. АКАЕВГЕ, Кыргыз Республикасынын Президенти эле 2003-жылы күздө светтин акчасын өндүрүү боюнча Коопсуздук Кенешинде атайын өкмөттүк комитет түздү. Светти өчүрүп, зымдарды кесип чыр чатак эле болуп калды. Ошондо жазылган.
Күнү эмес тийген асмандын, 
Күлкүсү жылуу Аскардын. 
Сүрөтүн төргө илем да,
Түнкүсүн свет жакпаймын.
Кичине кардым ачса эле,
Китебин окуй баштаймын. 
Таасири мени тойгузат, 
Тамактын даамын татпаймын. 
Түшпөс хан боло бериңиз,
Тирүү эле болсом жактаймын.

ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВГЕ (Президенттин указы менен вице-премьер даражасы берилген)

Электр энергиясынын өнбөгөн акчасы астрономиялык суммага жетти деп президент атайын бир кызмат түздү. Жер-жерлерде чуу эле чыгып калды. Карапайым элдин картөшкөсүн, арпасын, жүгөрүсүн светтин акчасына баалап алышты. Колунда жоктордун коколой башын опузалап камашты.
Жаңы төрө - Жантөрө,
Жалпы элге салдың чаң, төрө. 
Көзүңдү карап турушат,
Көчүгү шакмар сан төрө. 
Кыйшайбайт кылы алардын, 
Кыйналган момун калк эле.
Чоң бийлик тийди бөлөк бир, 
Чоңдор да жагат электр,
Кудаяр хандын өкүлү,
кудай ай, сенче эместир.
Бектерди пешка көргөндө,
Акимди адам дебестир.
Көйгөйү күндүн аз беле,
Көрбөгөн шаалар мас беле. 
Өлбөстүн күнүн кайран эл, 
Өткөрүп эптеп жатты эле.
Сүлдөрү калган шордууну 
Жантөрө:
Сүйрөттүң кызыл шапкеге!
Жантөрө кийин АШАнын алпечтеген кадры болуп чыга келди.Ошту калыбына келтирүүдө курулуш ишин жетектеди.Ошондон «мистер 10%» деген ылакап ат алып белгилүү болду эле.Акчаны мол баскан эргул ажонун аппаратын да башкарды.Андан баш министирликке көтөрүлдү
“Жантөрөгө жаңы Оо...даа...!”
(Башбакан болуп дайындалганда)
Таштаган шашпай жай кадам,
Ташты да майдай чайнаган.
Бетине шыбап мазутту,
Бетонду нандай аймаган.
Көлөкө кууп жашаган,
Көмүскөдө ишин жасаган.
Колуна тийген каржынын,
Онунан бирин атаган.
Чайнабай темир лом жуткан,
Чакырымдаган жол жуткан.
Олчойгон сомду жалмаган,
Ош эли көргөн кордуктан.
Чыкпаган ачык оюнга,
Чыгарбай сыртка оюн да.
Устукан деле талашпай,
Ыраазы болгон “моюнга”.
Акаев менен ток жеген,
Бакиев менен “пок” жеген.
Кызматкерлерин кыйнаган,
Кызматы чоңго “хоп” деген.
Жылкыча кетпей даң салып,
Адамча көппөй чаң салып.
Жантөрө билет жегенди,
Жегенде дагы тамшанып.
Жеткени менен жогору,
Жеп көнгөн адам болобу?
Ажоого турса чиренип,
Ачылат эми обору.
Темир жол салса темир жейт,
“Датка-Кеминдин” теңин жейт.
Ызы-чуу кылбай башкадай,
Радиоактивдүү көмүр жейт.
Орустар берсе эгин жейт,
Кытайдан келсе желим жейт.
Кудайым анык берди деп,
Кумтордун алтын кенин жейт.
Өлүмүш болгон калп эле,
Өнөрү күчтүү Жантөрө.
Кыйратканын да көрөбүз,
Кыйналаар кыргыз калкы эле.
Узун сөздүн кыскасы, Жантөрө жаңы келгенде жазган “Оо..даам” үчүн таз катындардан таяк жеп, таза катындардан тил уккам. Өзүмдүн эле токтогулдук жердештерим “заказ менен эле падышага ылайык кишини булгай бересиңби?” – дешип мага туш-тушумдан асылышкан. Жантөрө эмне кылып берди кыргызга? – деп, мен эми сурасам окшойт.

Кадырбек Керимбаев, Бишкек шаары 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости