www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ирандын түштүгүндөгү Израилдин соккусунан "Шажаре Тайебе" кыздардын башталгыч мектебиндеги каза болгон окуучулардын саны 42ге жетти, деп билдирди Ирандын SNN телеканалы.
"Мектепте каза болгондордун саны 42ге жетти", - деп айтылат билдирүүдө.
Mehr маалымат агенттиги мурда 40 окуучу каза болуп, дагы 48и жаракат алганын билдирген.
Бүгүн, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдуу операция башташты. Чабуулдар Тегерандагы жана Ирандын башка шаарларындагы аскердик жана административдик объекттерге жасалууда.
Иран чабуулга жооп катары Израиль аймагына ондогон ракеталарды учурду.
Мындан, тышкары Иран АКШнын аймактагы базаларына сокку урууда.
Reuters агенттиги Бахрейн, Катар жана Кувейттен кийин Абу-Дабиде да жардыруунун үнү угулганын маалымдады.
Иран бийлиги буга чейин эгер АКШ Иранга чабуул жасаса анын аймактагы базалары мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.