www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакынкы Чыгыштагы аскердик-саясий кырдаалдын курчушуна жана чыр-чатактын андан ары күчөшүнүн сакталып турган тобокелдиктерине байланыштуу, Министрлик аймактагы окуялардын өнүгүшүнө көз салууда. 

Министрлик Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын төмөнкүлөргө чакырат: 
- өзгөчө этият болууга; 
- мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө кунт коюп көз салууга; 
- жергиликтүү бийликтин талаптарын жана сунуштарын сактоого; 
- текшерилбеген маалыматтарды таратпоого; 
- зарылчылык болбосо, эл көп чогулган жерлерге баруудан алыс болууга; 
- сапарларды пландаштырууда авиакаттамдардын статусун алдын ала текшерүүгө; аскердик жана стратегиялык объекттерге жакын барбоо;

Ошондой эле, жеке коопсуздук максатында Министрлик аймактын өлкөлөрүнүн аймактарында жүргөн, аскердик тобокелдиктердин деңгээли жогору болгон жарандарга, кырдаал турукташканга чейин мүмкүн болушунча эртерээк чыгып кетүүнү жана көрсөтүлгөн мамлекеттерге баруудан убактылуу баш тартууну сунуштайт. 

Министрлик кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантат жана мындан аркы окуялар жөнүндө ыкчам маалымат берип турат. 

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө төмөнкү ишеним телефондору аркылуу кайрылууңуздарды өтүнөбүз: 
- КР ТИМ Консулдук департаменти: +996999312002; , [email protected]
- КР Кувейттеги элчилиги: +96550887691; 
- КР Катардагы элчилиги: +97450667001; 
- КР Сауд Арабия Королдугундагы элчилиги: +966583769945; 
- КР БАЭдеги элчилиги: +971522255269; 
- КР Дубай шаарындагы Башкы консулдугу: +971522918840; 
- КР Ирандагы элчилиги: +982122830354; +989352505229, [email protected] 
- Израиль: +972-54-962-2341; +97235226744; [email protected];

 

Последние новости