www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израил Тегерандагы 20дан ашык аскердик объектиге бир катар сокку урганын билдирди, деп жазды «CNN». Булардын ичинде Ирандын ядролук программасына жана ракеталарды өндүрүүгө байланыштуу объектилери бар.

«Израилдин Аба күчтөрүнүн 60 истребители акыркы бир нече сааттын ичинде курал-жарак өндүрүүчү объектилерге, центрифугаларды өндүрүүчү объектилерге, ошондой эле Иран режиминин ядролук куралдарды иштеп чыгуу боюнча илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук объектилерине сокку урду», - деп айтылат Израилдин Коргонуу армиясынын билдирүүсүндө.

Уранды байытууда ийгиликтерге карабастан Иран өзүнүн ядролук программасы тынч мүнөздө экенин бир нече жолу билдирген жана атомдук бомба иштеп чыгуу планы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Последние новости