www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-июндан тартып Бишкектеги Курманжан датка көчөсүнүн Салиева көчөсүнөн Жибек жолу проспектисине чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган тилкеде жол оңдоо иштери жүргүзүлөт. Оңдоо иштерин 20-августта аяктоо пландалууда.
Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат жана тыгындардан качуу үчүн алдын ала маршрутту пландап, коомдук транспортту пайдаланууга кеңеш берет.
Коомдук транспорттун жүрүү схемаларындагы өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.